Түркияда тест саны көбөйсө дагы жуктурган учур азайып баратат

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, Илимий Кеңеш менен болгон жыйналышынан кийин маалымат берди.

1393303
Түркияда тест саны көбөйсө дагы жуктурган учур азайып баратат

Түркияда жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19)  себебинен каза болгондордун саны 725ке жогорулады.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, Илимий Кеңеш менен болгон жыйналышынан кийин берген маалыматында  акыркы 24 саатта дагы 76 киши каза таап, каза болгондордун жалпы саны 725ке жогорулаганын айтты.

Акыркы 24 саатта жалпы 20 миң 23 кишиге тест жасалганын айткан министр Кожа, анын ичинен 3 миң 892 кишиде вирус аныкталганын билдирди.

Кожа бүгүн айыгып чыккан 256 киши менен бирге жалпы айыгып чыккандардын саны 1582ге жеткенин маалымдады.



Тектеш кабарлар