Түркиянын Делидеги элчиси түрк жарандарын эскертти

Түркиянын Дели элчиси Шакир Өзкан Торунлар Индия жана башка үч өлкөдө түрк жарандарынын эч биринде Ковид  - 19 кездешкен учурдун болбогондугун билдирди

1388320
Түркиянын Делидеги элчиси түрк жарандарын эскертти

Түркиянын Дели элчиси Шакир Өзкан Торунлар жаңы типтеги коронавирустан улам Индия, Непал, Мальдивлер жана Бутан сыяктуу элчиликтер акредитацияланган өлкөлөрдөгү түрк жарандарын бир канча убакыт үйдө болууга чакырды. Торунлар жалпы Индияда 15 -  апрелге чейин мажбурдуулук болмоюнча көчөгө чыгууга тыюу салынгандыгын белгиледи.

Индия, Непал, Мальдивлер жана Бутанда элчилик социалдык медиа эсептеринен  Ковид  - 19 эпидемиясы тууралуу күн сайын жарыялардын жаңылангандыгын айткан Торунлар бул өлкөлөрдөгү түрк жарандарынын Делидеги элчилиги,  Мумбай жана Хайдарабаддагы башкы консулдуктар менен 7 күн 24 саат байланыш түзө аларын баса белгиледи.

Ушул кезге чейин Индия жана башка үч өлкөдө түрк жарандарынын эч биринде Ковид  - 19 кездешкен учурдун болбогондугун билдирген Торунлар  бул өлкөдөгү түрктөргө мажбур болмоюнча тышка чыкпоо керектигин сунуш кылды.



Тектеш кабарлар