Эрдоган менен Трамптын сүйлөшүүсү

Телефондогу сүйлөшүүдө эки тараптуу карым-катнаштар, аймактык маселелер жана бүткүл дүйнөгө таасирин тийгизген жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясы каралды.

1388687
Эрдоган менен Трамптын сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган,АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Телефондогу сүйлөшүүдө эки тараптуу карым-катнаштар, аймактык маселелер жана бүткүл дүйнөгө таасирин тийгизген жаңы типтеги коронавирус (COVID-19) пандемиясы каралды.

Эки лидер, пандемия менен күрөшүүнүн бир гана глобалдык колдошуу жана кызматташтык менен ийгиликке жетише турганы боюнча бирдей пикирде болушту.

Президенттик аппараттын коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда эки лидер айрыкча пандемиянын тийиштүү таасирлеринин көзөмөлгө алынышы үчүн эң жакшы ишке ашыруулар менен көрсөткүч жана тажрыйбаларынын бөлүшүүсүндө керектүү кадамдарды таштоого чечим чыгарылды.

Телефондогу сүйлөшүү тууралуу Ак үйдөн берилген маалыматта болсо Эрдоган менен Трамптын «Сирия жана Ливияда ок атпоонун колдоого алынышынын мурдагысынан дагы маанилүү болгонун айткандары» билдирилди.



Тектеш кабарлар