Түркияда коронавирус дагы 37 адамдын өмүрүн алды, айыгып чыккандар 162ге жетти
Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, акыркы абал тууралуу Твиттерден маалымат бөлүштү.
1387884
Түркияда жаңы типтеги коронавирустун себебинен (COVID-19) дагы 37 киши каза таап, жалпы каза болгондордун саны 168ге жогорулады.
Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, Твиттерден берген маалыматында, «Акыркы 24 саатта 1610 кишиге COVID-19 диагнозу коюлду. Жалпы жуктуруп алган киши саны 10 миң 827ге жетти. Дагы 37 кишибизден ажырадык»,-деди.
Саламаттык сактоо министрлиги болсо ошондой эле ооруканадан айыгып чыккан бейтап саны 162ге жеткенин жарыялады.