Түркияда COVID-19 дагы 23 кишинин өмүрүн алды

Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, Твиттерден маалымат бөлүштү.

1387205
Түркияда COVID-19 дагы 23 кишинин өмүрүн алды

Түркияда жаңы типтеги коронавирустун себебинен (COVID-19) дагы 23 киши каза таап, жалпы каза болгондордун саны 131ге жогорулады.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, Твиттерден берген жарыясында, «Акыркы 24 саатта 1815 кишиге COVID-19 анализи коюлду. 23 киши көз жумду, бейтап саны 9 миң 217ге жетти. Жалпы каза болгондордун саны 131»,-деди.

Саламаттык сактоо министрлиги болсо ошондой эле акыркы 24 саатта COVID-19дун себебинен дарылануусу аяктаган 35 кишинин дагы ооруканадан чыгарылышы менен бирге айыккан бейтап саны 105ке жеткени билдирилди.

 



Тектеш кабарлар