Эрдоган,«Биз өзүбүздү бага алабыз Түркиям» аттуу улуттук колдошуу акциясын баштады

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Кабинет жыйналышынан кийин «Улутка кайрылуу» сөзүн сүйлөдү.

1387902
Эрдоган,«Биз өзүбүздү бага алабыз Түркиям» аттуу улуттук колдошуу акциясын баштады

Президент Режеп Таййип Эрдоган,«Биз өзүбүздү бага алабыз Түркиям» аттуу улуттук тилектештик акциясын баштады.

Президент Эрдоган, Кабинет жыйналышынан кийин «Улутка кайрылуу» сөзүн сүйлөдү.

Бүткүл дүйнөгө таасирин тийгизген жаңы типтеги коронавирус (COVID-19) пандемиясына карата көрүлгөн чаралардан улам зыян тарткан аз кирешелүү атуулдарга кошумча колдоо көрсөтүү максатында «Биз өзүбүздү бага алабыз Түркиям» урааны менен улуттук тилектештик акциясын баштагандарын жарыялаган Эрдоган: «Бул акцияны 7 айлык айлыгымды багыштоо менен ачуудамын»,-деди.

Кабинет жыйналышы убагында министрлердин дагы акцияга колдоо көрсөткөндөрүн жарыялагандарын айткан Президент, эң чоң салымды да ишкерлерден, кайрымдуу инсандардан күткөндөрүн баса белгиледи.

Эрдоган: «Айыл өкмөт башчылыктарыбызды дагы процесске кошуп, чогултулган акчалардын туура түрдө барчу жерине жеткирилишин камсыздайбыз»,-деди.

«Эч бир вирус биздин биримдигибизден, ынтымагыбыздан, туугандыгыбыздан дагы күчтүү эмес»,-деп айткан Эрдоган, Түркиянын саламаттык сактоо пайдубалы, кызматкер, дары-дармек жана материалы, реанимация орундугу жагынан башка өлкөлөргө салыштырмалуу жакшы абалда экенин дагы маалымдады.

«Ковид-19 пандемиясынын алгачкы күндөрүнөн тарта Илимий кеңешибиздин сунуштары боюнча, саламаттык сактоо чара көрүүлөрүн кемчиликсиз орундатуудабыз»,-деп айткан Эрдоган: «Өлкөбүз бардык негизги азык-түлүк продукцияларын өзү өндүргөнү үчүн, запастарыбыз жана камсыздоо чынжырларыбыздын иштөөсү, муктаждыктарыбызды камсыздагыдай деңгээлде»,-деди.

Көрүлгөн чаралар мамлекеттин улуттун жанында болгонун көрсөтүп турганын баса белгилеген Эрдоган: «Эч бир илдет алдыбыздагы гүлдөгөн келечегибиздин жолун торой албайт. Эч бир коркунуч бизди максаттарыбызга жетүүдөн баш тарттыра албайт. Анткени биз Түркиябыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар