Сабиха Гөкчен аэропортунда каттамдар токтоду

оронавирустун  таасиринин азайтылышы, жайылышына тоскоол болуу тууралуу Түркияда көрүлгөн чаралардын негизинде  өлкө тышына каттамдар 2020 -  жылдын 27 -  мартынан тарта толугу менен токтотулгандыгы билдирилди.

1386748
Сабиха Гөкчен аэропортунда каттамдар токтоду

Стамбул Сабиха Гөкчен эл аралык аэропортундагы каттамдар убактылуу токтотулду. Сабиха Гөкчен эл аралык аэропортунун инвестициялык курулуш жана башкаруу компаниясы тарабынан берилген  маалыматта : "Аэропортубуздан ишке ашкан өлкө ичи жана өлкө тышы каттамдар аткарылбай турганы үчүн мынндан мурда пландалган каттамдарыбыз тууралуу тийиштүү аба жолдору  менен байланышып билсеңиздер болот",- деп билдирилди. 

Фирмадан берилген маалыматта өзгөчө коронавирустун  таасиринин азайтылышы, жайылышына тоскоол болуу тууралуу Түркияда көрүлгөн чаралардын негизинде  өлкө тышына каттамдар 2020 -  жылдын 27 -  мартынан тарта толугу менен токтотулгандыгы эске салынды. 



Тектеш кабарлар