Түркияда вирустан каза болгондордун саны 75ке жогорулады
Саламаттык сактоо министри маалыматында : «Сиздерди көрүлгөн чарага баш ийүүгө чакырам».
1385828
Түркияда коронавирустан каза тапкандардын саны 75ке жогорулады.
Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа твиттерден берген маалыматында : «16 бейтап дагы каза болду. Бул жыйынтык менен жалпы 75 киши каза болду. Вирус жугузган киши саны 3629»,- деди.
Министр Кожа акыркы 24 саатта 7286 тесттин жыйынтыкталгандыгын, 1196 кишиге диагноздун коюлгандыгын билдирди. Саламаттык сактоо министри маалыматында : «Сиздерди көрүлгөн чарага баш ийүүгө чакырам»,- деди.