Президент Р. Т. Эрдоган кечээ Коронавирус Билим Кеңешинин жыйынына видоеконференция аркылуу катышты

Эрдоган жыйында Ковид  - 19 тууралуу ортого салынган күрөш үчүн Билим Кеңешинин мүчөлөрүнө ыракмат айтты.

1385503
Президент Р. Т. Эрдоган кечээ Коронавирус Билим Кеңешинин жыйынына видоеконференция аркылуу катышты

Президент Р. Т. Эрдоган кечээ Коронавирус Билим Кеңешинин жыйынына видоеконференция аркылуу катышты.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа жана билим берүү министри Зия Селчуктан маалымат алган Эрдоган жыйында Ковид  - 19 тууралуу ортого салынган күрөш үчүн Билим Кеңешинин мүчөлөрүнө ыракмат айтты.

Бул ооруга карата Түркиянын убактысында чара көрүшүндө жана процесстин салыштырмалуу түрдө жай  болушунда Билим Кеңешинин алып барган иши жана сунуштарынын чоң роль ойногондугун айткан Эрдоган : «Элибиз бул вирус менен күрөшүүнүн негизинде көрүлгөн чараларды түшүнүү менен кабыл алып, чоң өлчөмдө да баш ийүүдө. Коомубузда коркунучтун чоңдугун түшүнбөгөндөр бар болсо да жалпысынан элибиздин көрсөткөн жоопкерчилигине ыраазыбыз. Азыр да маселенин маанилүү экендигин билбегендер бар болсо сиздердин сунушуңуздар менен туура жолду көрөрүнө ишенем»,- деди.

Президент Эрдоган билимдин жана илимпоздордун бул процессте көрсөткөн аракеттеринин башка тармактарда да үлгү болоруна көңүлдөрдү бурду.

Президент Эрдоган көрүлгөн чаралар менен элдин ден соолугу менен муктаждыктарынын камсыз кылынышына чейин бардык маселелерди чечүүгө аракет кылынгандыгын белгиледи.

«Түркия республикасы бардык мүмкүнчүлүктөрү менен 83 миллион жаранынын ар биринин жанында. Ошондой эле өлкө тышында жашаган жарандарыбыз менен элчиликтерибиз жана консулдуктарыбыздын жардамы менен байланыштабыз. Өлкөсүнө кайтууну каалаган жарандарыбызга, студенттерге алдыңкылыкты берип болгон мүмкүнчүлүктү түзүүдөбүз»,- деп билдирди Эрдоган.

Жыйынга казына жана финансы министри Берат албайрак, коммуникация министри Фахреттин Алтун жана президенттиктин катчысы Ибрахим Калын да катышты.



Тектеш кабарлар