Түркия Ооганстандагы террордук кол салууну айыптады

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында Кабулдагы Сих ибадатканасына бүгүн эртең менен болгон террордук кол салуу айыпталды.

1385049
Түркия Ооганстандагы террордук кол салууну айыптады

Түркия, Ооганстандын борбор шаары Кабулдагы Сих ибадатканасына болгон террордук кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында Кабулдагы Сих ибадатканасына бүгүн эртең менен болгон террордук кол салууда көп сандаган кишинин каза болгонун капа болуп уккандары маалымдалды.

Жарыяда: «Ооганстандын көп маданияттуу түзүлүшүн бутага алган бул мыкаачылык кол салууну айыптайбыз. Кол салууда набыт болгондордун жаткан жери жайлуу болсун. Дос жана тууган ооган калкына кайрат айтабыз, жаралуулардын тез сакайып кетишин тилейбиз»,-делди.



Тектеш кабарлар