Мевлүт Чавушоглу өлкө тышында каза болгон түрктөр тууралуу билдирди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Ковид  - 19 вирусунан 32 түрк жаранынын өлкө тышында каза болгондугун билдирди.

1384764
Мевлүт Чавушоглу өлкө тышында каза болгон  түрктөр тууралуу билдирди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Ковид  - 19 вирусунан 32 түрк жаранынын өлкө тышында каза болгондугун билдирди.

Мевлүт Чавушоглу Анкарада өлкө тышынан алып келинген түрктөр тууралуу маалымат берип, акыркы жолу 11 каттам менен 8 өлкөдөн 2721 студенттин эвакуациялангандыгын билдирди.

Өлкө тышында 32 түрк жаранынын коронавирустан каза болгондугун айткан Чавушоглу жаназаларынын Түркияга алып келинерин айтты.

Чавушоглу кээ бир өлкөлөргө жиберилген медициналык материалдар тууралуу да 69 өлкөдөн медициналык жардам талабынын келгендигин жана 17 өлкөгө жардам жиберилгендигин белгиледи.

Испаниянын тышкы иштер министри менен сүйлөшкөндүгүн жана Түркиядан бет кап талап кылышкандарын да билдирген Чавушоглу медициналык аппараттар тууралуу да буларды айтты : «Эл аралык коомчулук ар дайымкыдан дагы көп кызматташуу ичинде болушу керек».

Чавушоглу : «Мамлекет катары биз бизге түшкөн милдетти аткаруудабыз. Дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок. Бул процесстен бирдикте өтөбүз»,- деди.



Тектеш кабарлар