Түркия Малиде болгон кол салууну айыптады

Малидеги кол салууда 29 аскер каза болуп, 5 аскер да жараланган.

1382329
Түркия Малиде болгон кол салууну айыптады

Түркия Малиде бир аскердик лагерди бутага алган жана көп сандаган аскер каза болгон террордук кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Малинин Гао аймагындагы бир аскердик лагерди бутага алган террордук кол салууда көп сандаган аскердин каза болгондугунан жана жаралангандыгынан санааркап жатабыз. Бул террордук  кол салууну айыптайбыз. Дос жана боордош Мали калкына жана өкмөтүнө көңүл айтып, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз»,- деи билдирилди.

Кол салууда 29 аскер каза болуп, 5 аскер да жараланган.



Тектеш кабарлар