Хулуси Акар : "Орусиянын аскердик делегациясы менен сүйлөшүүлөрдө чоң катнашта макулдашуу түзүлдү"

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Сириянын Идлиб аймагында 6 – мартта ишке кирген ок атышпоого байланыштуу маалымат берди.

1376993
Хулуси Акар : "Орусиянын аскердик делегациясы менен сүйлөшүүлөрдө чоң катнашта макулдашуу түзүлдү"

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Орусиянын аскердик делегациясы менен өткөрүлгөн Идлиб сүйлөшүүлөрүндө чоң катнашта макулдашуунун түзүлгөндүгүн белгиледи.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Сириянын Идлиб аймагында 6 – мартта ишке кирген ок атышпоого байланыштуу маалымат берди.

Борбор шаар Анкарага келген Орусиянын аскердик делегациясы менен сүйлөшүүлөрдүн улантылып жаткандыгын баса белгилеген Акар чоң катнашта макулдашуу түзүшкөндөрүн белгиледи. Акар : «Башар Асад тарабынан ок атышпоо бузулуп, кол салуулар улантыла турган болсо калган жерибизден баштоого, алардын да жанын алууну улантарыбызды айттык. Идлибде бардык аскердик элементтерибиз бар. Чегинүү болбойт, бөлүктөрүбүз, бардык аскердик элементтер ордунда»,- деди.

Ирактын түндүгүндө ПКК жикчил террордук уюмга карата жүргүзүлүп жаткан операцияларга токтолгон Акар : «Аба күчтөрүбүздүн Ирактын түндүгүндө Улуттук Чалгындоо Уюму менен координациялуу операциясында уюмдун лидерлеринен беш террорист жок кылынды алардын ичинен бирөөсү аял»,- деди.



Тектеш кабарлар