4-Улуттук Антарктида илимий сапары аяктады

Илимий сапарга катышкан илимпоздор 15 долбоорду ишке ашырышты.

1374432
4-Улуттук Антарктида илимий сапары аяктады

4-Улуттук Антарктида илимий сапары аяктады.

Президенттиктин карамагында, Өнөр жай жана технология министрлигинин жоопкерчилигинде жана Түркиянын илимий жана технологиялык изилдөөлөр мекемесинин (ТҮБИТАК) Уюлдарды изилдөө институтунун координациясында жүргүзүлгөн 4-Улуттук Антарктида илимий сапарына катышкан илимпоздор өлкөгө кайтып келишти.

Антарктидада 15 долбоорду ишке ашырган 23 кишилик топ илимий сапарын 30 күндө аяктады.

4-Улуттук Антарктида илимий сапарынын башчысы проф. др Эрсан Башар, убактылуу түрк илим лагери жайгашкан Horseshoe аралында орто эсеп менен бир ай бою илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөндөрүн белгилеп, 15 долбоорду ийгиликтүү ишке ашыргандарын айтты.

Эрсан Башар, аба ырайынын быйыл Антарктидада жана уюл аймактарында жылуу болушунан улам сапардын эрте аяктагандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар