Идлибде 2 аскер шейит болду
Улуттук коргоо министрлиги : «Куралдуу учкучсуз унаа аппараты менен өкмөткө таандык 2 көп стволдуу ракетасы менен өкмөттүн 21 аскери жок кылынды».
1373041
Сириянын Идлиб аймагында тынчтык жана бейкуттуктун орношу үчүн жүргүзүлгөн «Жаз калканы» операциясында кызмат кылган 2 аскер шейит болуп, 3 аскер жараланды.
Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта «Жаз калканы» операциясы жүргүзүлгөн аймакта өкмөт күчтөрү тарабынан атылган октон 2 каарман аскерибиз шейит болуп, 3 каарман аскерибиз жараланды»,- деп билдирилди. Маалыматта өзгөчө кол салуудан кийин : «Куралдуу учкучсуз унаа аппараты менен өкмөткө таандык 2 көп стволдуу ракетасы менен өкмөттүн 21 аскери жок кылынды»,- деп билдирилди.