Аялдар узак өмүр сүрүшөт
Түркиянын калкынын 49,8 пайызын аялдар түзөт.
Түркиянын статистика мекемеси «Статистикалар менен Аял-2019» изилдөөсүнүн жыйынтыктарын жарыялады.
Буга караганда Түркиянын калкынын санынын 50,2 пайызын эркектер, 49,8 пайызын аялдар түздү. Башкача айтканда Түркияда эркектердин саны 41 миллион 721 миң 136, ал эми аялдардын саны болсо 41 миллион 433 миң 861.
Өмүрдүн узактыгы өлкөнүн жалпысы үчүн 78,3 жыл, эркектерде 75,6 жана аялдарда 81 жыл болду.
Жалпысынан алганда аялдар эркектерге караганда дагы узак жашаса, өмүрдүн узактыгындагы айырма 5,4 жыл деп белгиленди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Штайнмайер менен жолугушат
Эрдоган Түркияга расмий сапар менен келген Штайнмайерди Президенттик комплексте тосуп алат.
Фидан босниялык кесиптеши менен сүйлөштү
Сүйлөшүүдө эки тараптуу карым-катнаштар жана аймактык көйгөйлөр талкууланды.