Сүлейман Сойлу Грециянын бир ай бою жаңы башпаанек кайрылуусун албоо чечимин чыгарганын сынга алды

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу,бул тууралуу Твиттер барагынан маалымат бөлүштү.

1372034
Сүлейман Сойлу Грециянын бир ай бою жаңы башпаанек кайрылуусун албоо чечимин чыгарганын сынга алды

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, Грециянын коопсуздук күчтөрүнүн Эдирненин Пазаркуле районунда бир баш калкалоочунун набыт кылынганы, 5нин жаракат алганы тууралуу, «Бул кылыктардан миллиондон бирөөнү Түркия кылса Европа жана Европанын Түркиядагы кошоматчылары дагы ызылдап чыгышмак»,-деп айтты.

Сойлу, Твиттер барагынан берген бөлүшүүсүндө Грециянын коопсуздук күчтөрү тарабынан бир баш калкалоочунун набыт кылынганын, 5нин жараланганын эске салды.

Министр Сойлу: «Греция эл аралык эрежелерди тебелеп, адам укуктарын бузууларын улантууда. Анткени Европа эркелетип жатат. Бул кылыктардан миллиондон бирөөнү Түркия кылса Европа жана Европанын Түркиядагы кошоматчылары дагы ызылдап чыгышмак»,-деп бөлүштү.

Министр Сойлу, Грециянын бир ай бою жаңы башпаанек кайрылуусун албоо чечимин чыгарганын сынга алып, «Греция, бир ай бою жаңы башпаанек кайрылуусун албай турганын жарыялады. БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы тарабынан бүгүн (кечээ) берилген билдирүүгө караганда, 1951-жылы Женева келишими жана Европа Биримдигинин качкындар укугуна карата мындай чечим чыгарыла албайт. Уяткаруучу бул чечим толугу менен мыйзамсыз»,-деди.

Бул учурда ички иштер министри Сойлу, Түркиядан чыгып кеткен качкындардын санын жарыялады.

Сойлу, Түркия убактысы боюнча саат 09:00дө Түркиядан чыгып Грецияга өткөн качкындардын санынын 135 миң 844кө жеткенин жарыялады



Тектеш кабарлар