Пакистандын премьер - министри Эрдоганга көңүл айтты

Пакистандын премьер  - министри Имран Хан Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Пакистандын Түркияга болгон колдоосун кайталады.

1371621
Пакистандын премьер  - министри Эрдоганга көңүл айтты

Пакистандын премьер  - министри Имран Хан президент Р. Т. Эрдоганга Сириянын Идлиб шаарында Асад күчтөрүнүн кол салуусунда шейит болгон түрк аскерлери үчүн көңүл айтты.

Пакистан премьер  - министрлигинин соцтармакта берген маалыматына караганда премьер  - министр Хан Түркиянын президенти Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Пакистандын Түркияга болгон колдоосун кайталады. Хан сүйлөшүүдө Пакистан калкынын кыйын күнүндө бир тууган түрк калкы менен күчтүү тилектештик ичинде экендигин белгиледи.

Түркиянын аймактагы мыйзамдуу коопсуздук жана адамзаттык санааркоолор үчүн берген колдоосун кайталаган Хан миллиондогон сириялыкты өлкөгө киргизүү жана берген гуманитардык жардамдарынан улам Түркияга мактоолорду айтты.

Премьер  - министр Хан эл аралык коомдун Сириядагы кагылышууга саясий чечүүчү жолду табуу жана адамзаттык кризис тууралуу алдыга чыгышы керектигин баса белгиледи. Хан президент Эрдоганга акыркы Пакистан сапары жана өзгөчө парламентте сүйлөгөн сөзүндө Жамму Кашмир тууралуу шартсыз колдоосу менен жалпы дүйнөдө мусулмандардын үнү болгону үчүн ыракмат айты.

Премьер  - министр Хан Эрдоганды Индиянын көзөмөлүндө Жамму Кашмир аймагындагы акыркы абал жана Индиядагы мусулмандарга карата күч колдонуу окуяларында каза болгон кишилер тууралуу маалымат берди.



Тектеш кабарлар