"ЕККУнун Минск тобу Жогорку Карабахта чечүүчү жол үчүн дагы эффективдүү иштеши керек"

Мевлүт Чавушоглу Жогорку Карабах маселесине чечүүчү жол табуу үчүн дагы эффективдүү иш алып барууга чакырды.

1370339
"ЕККУнун Минск тобу Жогорку Карабахта чечүүчү жол үчүн дагы эффективдүү иштеши керек"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Минск группасын Азербайжандын жеринин бүтүндүгүнө сый көрсөтүүнүн негизинде Жогорку Карабах маселесине чечүүчү жол табуу үчүн дагы эффективдүү иш алып барууга чакырды.

Чавушоглу ЕККУнун Минск группасынын тең төрагалары Игорь Попов, Стефан Висконти, Андрей Шофер, жана ЕККУнун Минск процессинин атайын өкүлү Анджей Каспршикти борбор шаар Анкарада кабыл алды.

Жолугушуудан кийин твиттерден маалымат берген Чавушоглу : «ЕККУнун Минск  группасы эми Жогорку Карабах меселесинин чечилиши үчүн дагы эффективдүү иштеши керек. Бул чечүүчү жол Азербайжандын жеринин бүтүндүгүнө, эгемендигине жана эл аралык жактан кабыл алынган чектерине сый көрсөтүүнүн алкагында болушу керек»,- деди.



Тектеш кабарлар