Эрдоган менен Путин сүйлөшүү өткөрдү

Эки лидер кайсы темада макулдашты?

1368644
Эрдоган менен Путин сүйлөшүү өткөрдү

Сириянын Идлиб аймагында режимдин кол салуусунан 33 түрк аскери шейит болгондон кийин Түркия менен Орусиянын ортосунда эң жогорку деңгээлдеги сүйлөшүү өткөрүлдү.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин сүйлөшкөндүгүн билдирди.

Лавров, эки лидердин Идлибдеги келишимдердин кантип ишке ашырылаарын талкуулагандарын белгиледи.

Кремлдин билдирүүсүндө болсо, Эрдоган менен Путиндин Идлибде чыңалууну басаңдатуу үчүн кошумча чара көрүү боюнча макулдашкандары маалымдалды.  

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Алтун да, эки лидердин «эң кыска мөөнөттүн ичинде бетме-бет сүйлөшүүнү» чечкендерин билдирди.



Тектеш кабарлар