Washington Post: «Сириялыктардын жападан-жалгыз коргоочусу Түркия»

Американын «Washington Post» гезитинин бүгүнкү макаласы.

1367453
Washington Post: «Сириялыктардын жападан-жалгыз коргоочусу Түркия»

Американын «Washington Post» гезити, «Сириялык алсыз адамдардын жападан-жалгыз коргоочусу Түркия экенин» жазып чыкты.

Гезиттин бүгүнкү башкы беттеги макаласында Сириянын Идлиб аймагындагы адамзаттык абалга орун берилди.

Батыштык өкмөттөрдүн токточудай көрүнбөгөн Сирия согушунан тажагандары белгиленген макалада, өздөрүнүн ички күн тартибиндеги уюлдашуудан улам батыштын көңүлдөрдү Сирияга бурганы баса белгиленди.

БУУга караганда декабрь айынан бери Идлибде 500 миңи баладан турган 900 миң качкындын Башар Асад режими жана орус кол салууларынан качып Түркия чек арасына багыт алгандары, качкындардын чек ара аймагында суук аба шарттарында баш калкалай турчу жер таба албагандары да билдирилди.

Орусия менен Асад режиминин, оппозициячылдардын колундагы аймактарды алуу үчүн жарандардын качуусуна жол ача тургандай түрдө абадан операция жүргүзүп жаткандары белгилеген макалада, «Ал жердеги алсыз адамдардын жападан-жалгыз коргоочусу акыркы апталарда аймакка миңдеген аскер, танка жана замбирек жөнөткөн Түркия болуп саналат. Президент Эрдоган, ушул аптанын аягына чейин чегинбеген учурунда Асад режимине каршы кол салуу баштай турганын билдирди» деп жазылды.

Анкарада Түркия менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кечээ башталгандыгы эске салынган макалада, президент Эрдогандын Идлиб шаарын да камтыган 20 чакырым ичкериде коопсуз аймак түзүүнү каалаганы маалымдалды.

Коопсуз аймак сунушун Орусиянын кабыл алышы мүмкүн экендиги жазылган макалада, «Асад режиминин болсо эч нерсеге карабастан Идлибдин толугун алгысы келип жатканы» баса белгиленди.

 



Тектеш кабарлар