Идлибдеги абал Түркиянын пайдасына айланды

Президент Р. Т. Эрдоган Сириянын Идлиб аймагындагы абалдардын азыркы учурда Түркиянын  пайдасына айлангандыгын айтты.

1367782
Идлибдеги абал Түркиянын пайдасына айланды

Президент Р. Т. Эрдоган Сириянын Идлиб аймагындагы абалдардын азыркы учурда Түркиянын  пайдасына айлангандыгын айтты.

Борбор шаар Анкарада лидери болгон Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Саясат академиясынын ачылышында сөз сүйлөгөн Эрдоган Ливияда андан мурда чыгыштагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтердин пайдасында кеткен абалды тескерисине айландырышкандарын белгилеп : «Ошондой эле Идлибде да абалдар азыркы учурда биздин пайдабызга айланды»,- деди.

Эрдоган Идлибде 3 аскердин шейит болгондугун бирок Асад режиминин жоготуусунун дагы чоң экендигин белгиледи. Аймактагы кризис тууралуу Орусия менен сүйлөшүүлөрдүн жүргүзүлүп жаткандыгын айткан Эрдоган : «Биз Адана меморандуму менен Сириядабыз. Орусиянын колдоосу болбосо Асаддын бутунда турушу мүмкүн эмес. Бизге ким кол салса салсын биз аны майтарабыз. Биз бул аймакта террор каалабайбыз. Бул жерлердин тынчтыктын жери болушун каалайбыз. Жүз миңдеген жаранын өлтүргөн бир Асадды  дос катары көрүү мүмкүн эмес»,- деди.



Тектеш кабарлар