Тышкы иштер министри Орусия делегациясынын жолугушуусу тууралуу маалымат берди

Тышкы иштер министри Чавушоглу Орусия делегациясы менен өткөрүлө турган жолугушуудан мурда маалымат берди.

1366852
Тышкы иштер министри Орусия делегациясынын  жолугушуусу тууралуу маалымат берди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Орусия делегациясы менен жолугушуудан күтүүлөрүнүн Идлибде  кол салуулардын туруктуу түрдө токтотулушу, режимдин Сочи меморандумунун негизинде белгиленген аймакка чегиниши экендигин белгиледи.

Тышкы иштер министри Чавушоглу Сириянын Идлиб аймагы тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Түркияга бүгүн келе турган Орусия делегациясы менен өткөрүлө турган жолугушуудан мурда маалымат берди.

Башар Асад режиминин (Түркия менен Орусиянын ортосунда 2018 -  жылы түзүлгөн) Сочи меморандумунун негизинде белгиленген чектерге чегиниши керектигин баса белгилеген Чавушоглу Орусия делегациясы менен жолугушуудан күтүүлөрүнүн Идлибде кол салуулардын туруктуу түрдө токтотулушу экендигин айтты.

Ок атышпоо түзүлбөстөн булардын болбошунун мүмкүн эмес экендигин баса белгилеген Чавушоглу : «Орусиянын президенти В. Путиндин сунушу менен делегациялар жолугушат. Төрттүк саммиттен (Түркия  - Орусия -  Франция  -  Германия) мурда президент Р. Т. Эрдоган жана Путиндин ортосунда эки тараптуу жолугушуу болот»,- деди.



Тектеш кабарлар