Президент Р. Т. Эрдоган Азербайжанда
Президент Р. Т. Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиев Загулба сарайында тосуп алды.
1366140
Президент Р. Т. Эрдоган Азербайжандын борбор шаары Бакуга барды.
Түркия - Азербайжан жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызмааташуу кеңешинин 8 - жыйынына катышуу үчүн Бакуга барган Эрдоганды Загулба сарайында Азербайжадын президенти Илхам Алиев тосуп алды.
Кеңештин жыйынында өткөрүлө турган жолугушууларда Түркия - Азербайжан карым - катнаштары бардык жактары менен каралат жана эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну дагы да күчтөндүрө турган мүмкүнчүлүктөр каралат.
Жолугушуулардын негизинде эки тараптуу карым - катнаштар менен аймактык жана эл аралык темаларда пикир алышуулардын болушу да күтүлүүдө.