Фахреттин Алтун Сирияда болгон кол салууга каршылык көрсөттү

Коммуникация боюнча төрага Фахреттин Алтун «Мамлекетибиз, улутубуз улуу, мекенибиз ыйык»,- деди.

1363774
Фахреттин Алтун  Сирияда болгон кол салууга каршылык көрсөттү

Коммуникация боюнча төрага Фахреттин Алтун кечээ Сириянын Идлиб аймагында эки аскер шейит болгон кол салуу тууралуу : «Сирияны канга, террорго, көз жашына ачык абалга алып келген ким бар болсо адамзаттыктын алдында эсеп берет»,- деди. Алтун твиттерден берген маалыматта Идлибде тынчтыкты түзүү жана гуманитардык жардам берүү иштерин башкаруу үчүн барган аскерлерге режим тарабынан жасалган кол салууда эки аскердин каза болгондугун, беш аскердин жаралангандыгын белгиледи.

Шейит болгон аскерлер үчүн көңүл айтып, жаралуу аскерлердин бат айыгып кетишин каалаган Алтун : «Мамлекетибиз шейиттерибиздин канын жерде калтырбайт. Сирияны канга, террорго, көз жашына ачык абалга алып келген ким бар болсо адамзаттык алдында эсеп берет. Мамлекетибиз, улутубуз улуу, мекенибиз ыйык»,- деди.



Тектеш кабарлар