Түркия менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөр уланып жатат

Министр Чавушоглу ТРТнын түз эфиринде күн тартипке байланыштуу маалымат берди.

1363208
Түркия менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөр уланып жатат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Орусия менен азырынча Сирия темасында толук макулдаша электиктерин айтты.

Мевлүт Чавушоглу Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) түз эфиринде күн тартипке байланыштуу маалымат берди.

Сөз сүйлөөсүндө Сириядагы Башар Асад режиминин күчөгөн кол салууларына токтолгон Чавушоглу: «Режим Идлибде мыкаачылык менен кол салып жатат. (Орусия менен түзүлгөн макулдашуулар) Сочи жана Астана келимдеринин жоюлганын айта албайбыз бирок зыян тартканын айта алабыз»,-деди.

Түрк жана орус делегацияларынын Идлиб сүйлөшүүлөрүндө, Сочи макулдашуусунун кантип ишке ашырыла турганына байланыштуу көз караштарды орус тарапка билдиргендерин баса белгилеген Чавушоглу: «Учурда айырмачылыктардын болуп жатканы туура. Акыркы жыйындарда бираз дагы жакындык болду. Азырынча биз каалагандай деңгээлде эмес. Сүйлөшүүлөр кайрадан улантылышы мүмкүн, балким лидерлер деңгээлинде да жыйын өткөрүлүшү мүмкүн»,-деп айтты.

Режимдин Идлибде куралдан тазалган аймакка кол салып жатканын орус тарапка билдиргендерин белгилеген Чавушоглу: «Бул кол салууларды токтотуу үчүн эмне керек болсо жасап жатабыз жана жасайбыз»,-деди.

Чавушоглу режим жана колдоочуларынын Дера аймагынан автобустар менен айрым радикалдуу топторду Идлибге таштагандарын жана бул террористтерди шылтоо кылып аймакка кол салууну максаттагандарын белгиледи.

Идлибде гуманитардык трагедиянын болуп жатканын айткан Чавушоглу, таштала турган кадамдын жаңы гуманитардык апааттын алдын алууга багыттала турганын билдирди.

 



Тектеш кабарлар