Түрк Кызылайы Пакистандык окуучуларга окуу куралдары боюнча жардам берди

Түрк Кызылайы окуучуларга ичинде печенья жана шокалад болгон пакет да белек кылды.

1363260
Түрк Кызылайы Пакистандык окуучуларга окуу куралдары боюнча жардам берди

Түрк Кызылайынын Пакистан делегациясы башкармалыгы Пакистанда 265 бала бакча жана башталгыч мектептин окуучуларына мектеп сумкасы менен окуу куралдары боюнча жардам берди.

Борбор шаар Исламабадда Бари Имам аймагындагы Машал башталгыч мектебине жардамдарды таркатуу аземинде Түркиянын Исламабаддагы элчиси Ихсан Мустафа Юрдакулдун жубайы Златомира Юрдакул, элчиликтин билим берүү боюнча кеңешчиси Илхами Айранжы, Түрк Кызылайынын Пакистан делегациясынын жетекчиси Ибрахим Карлос Камило менен көп сандаган мугалим жана окуучу катышты.

Камило бул жерде сүйлөгөн сөзүндө жардамдын материалдык жетишсиздиктен улам билим алуусу токтоп калуу коркунучу болгон окуучуларга берилгендигин айтты.

Бардык кыйынчылыктарга карабастан окуучулардын билим алуудан баш тартпагандыгын белгилеген Камило : «265 окуучуга сумка жана окуу куралдарына жардам бердик»,- деди.

Түрк Кызылайы окуучуларга ичинде печенья жана шокалад болгон пакет да белек кылды.



Тектеш кабарлар