Идлибде түрк аскерлерине кол салуу болду

Абадан кол салууда 5 аскер да жараланды.

1363450
Идлибде түрк аскерлерине кол салуу болду

Сириянын Идлиб аймагында Түрк куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнө карай абадан кол салууда 2 аскер шейит болду.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Түрк куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнө болгон абадан кол салууда 5 аскердин да жаракат алгандыгы кабарланды.

Билдирүүдө: «Ок атышууларды токтотуу максатында аймакка барган бөлүктөрүбүзгө болгон абадан кол салуунун себебинен 2 баатыр аскерибиз шейит кетти, 5 баатыр аскерибиз жараланды. Белгиленген буталарга жооп кайтарылды жана улантылат»,-делди.

Министрлик Идлиб аймагындагы ар кайсы булактардан алынган акыркы маалыматка караганда, 50дөн ашуун режим бутасы, 5 танка, 2 бронетранспорт, 2 куралдуу пикап, 1 пушканын жок кылынгандыгын да белгиледи.



Тектеш кабарлар