Түркия Кытайга коргоочу кийимдерди берди

Коргоочу кийимдер Кытайдын Түркиядагы элчилигине тапшырылды.

1361827
Түркия Кытайга коргоочу кийимдерди берди

Түркия жаңы типтеги коронавирус эпидемиясы менен күрөшүп жаткан Кытайга, медицина кызматкерлеринин колдонуусу үчүн коргоочу буюмдарды берди.

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Ухань шаарынан жайылган Ковид-19 эпидемиясынан улам Кытай Эл Республикасынын Анкарадагы элчилик жетекчилерине, медицина кызматкерлеринин колдонуусу үчүн 2 миң фильтрдүү маска жана 2 миң коргоочу комбинезон тапшырылды.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эл аралык медицина кызматтары мекемесинин башкы директору Мехмет Али Кылычкая, жардам буюмдарын Кытайдын Түркиядагы элчилик кеңешчиси Чэн Вэйхуага тапшырып берди.

Элчилик жетекчилери Кытай эли үчүн Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигине ыраазычылык билдиришти.



Тектеш кабарлар