Түрк делегациясы Москвада сүйлөшүү өткөрүүдө

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Өнал жетектеген Түркиянын бириккен делегациясы,кечээОрусиянын борбор шаары Москвада орус кесиптештери менен жолукту.

1361326
Түрк делегациясы Москвада сүйлөшүү өткөрүүдө

Тышкы иштер министринин орун басары, элчи Седат Өнал жетектеген түрк делегациясы орус делегациясы менен Идлиб темасында жолугушуу өткөрдү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Өнал жетектеген Түркиянын бириккен делегациясы,кечээ Орусиянын борбор шаары Москвада орус кесиптештери менен жолукту.

Жолугушууда Сириянын Идлиб аймагындагы акыркы абал каралды.

Түрк делегациясы аянтта чыңалуунун ылдам түрдө азайтылышы жана адамзат абалынын дагы көп начарлоосуна бөгөт болуу керектигин баса белгиледи.

Жолугушууда Идлибде Сочи меморандумунун толук түрдө ишке ашырылышы жана эреже бузуулардын алдын алуу максатында таштала турган чара көрүүлөр сүйлөшүлдү.

Сүйлөшүүлөрдү бүгүн эртең менен токтогон жерден уланта тургандары маалымдалды.



Тектеш кабарлар