Түркиянын НАТОго мүчө болушуна 68 жыл болду
НАТОнун 13 - мүчөсү болгон Түркия союздаштыкка кошулуу протоколуна 1951 - жылы 17 - октябрда кол койду.
Түркия маанилүү салым кошкон аскердик союздашы НАТОго мүчөлүгүнүн 68 - жылын толтурууда.
Түркиянын НАТО мүчөлүгүнүн 68 - жылынан улам Анадолу агенттигине маалымат берген НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг : «Түркия 68 жылдан бери НАТОнун мыкты мүчөсү болду»,- деди.
Столтенберг Түркиянын НАТОнун Афганстан, Косова жана Ирак сыяктуу миссия жана операцияларына эң көп салым кошкон мүчөлөрүнүн бири экендиигне көңүлдөрдү буруп : «Жакынкы Чыгыштагы ыраатсыздыктар жана согуштардан эң көп таасирленген, террордоук ол салууга учураган союздаш Түркия болду»,- деди. Столтенберг : «НАТОго мүчөлүгүнүн 68 - жылында Түркиянын союдаштыкка кошкон салымынан улам ыракмат айтам. Түркия НАТОнун күчтүү мүчөсү болууну улантат»,- деди.
Түркия 1949 - жылы Вашингтон келишиминин 12 куруучу мүчөсүнүн кол коюшу менен курулган НАТОго 1952 – жылы мүчө болду.
НАТОнун 13 - мүчөсү болгон Түркия союздаштыкка кошулуу протоколуна 1951 - жылы 17 - октябрда кол койду.
Расмий мүчөлүк болсо Греция менен бирге 1952 - жылы 18 - февралда ишке ашты.
Экинчи Дүйнөлүк согушунан кийин тышкы саясат алдыңкылыктарын батыш дүйнөсү менен жакындашуу катары белгилеген Түркия үчүн 1945 – жылы БУУнун куруучу мүчөлүгү менен бирге НАТО мүчөлүгү да мааниге ээ боло баштады.