Президент Эрдоган : "Пакистан калкынын Боштондук согушубузда безге берген жардамын унутпадык"

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын террор менен күрөшүндө Пакистанды колдоону улантарын айтты.

Президент Эрдоган : "Пакистан калкынын Боштондук согушубузда безге берген жардамын унутпадык"

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын террор менен күрөшүндө Пакистанды колдоону улантарын айтты.

Президент Р. Т. Эрдоган жолугушууларынын экинчи күнүндө Пакистан улуттук парламенти жана сенатынын биргелешкен отурумунда сөз сүйлөдү.

Эрдоган : «Пакистан калкынын Боштондук согушу учурунда бизге берген жардамдарын унуткан жокпуз. Эми болсо биз үчүн Кешмир ал учур»,- деди.

Саясий кысым астына алынууга аракет кылынган Пакистанга колдоо беришерин белгилеген Эрдоган : «Террор менен күрөшүндө Пакистанды колдоону улантабыз»,- деди.  Эрдоган Сириянын Идлиб шаарына карата абалдарга да токтолуп : «Идлиб тууралуу акыркы күндөрдө таштаган кадамдарыбыздын максаты 4 миллион кишинин режимдин баррель бомбаларынын астында калышына тоскоол болуу»,- деди.

Президент Эрдоган : «Ливиядан Йеменге чейин кагылышуулар болгон бардык жерде Түркиянын алдыңкылык берген максаты канды, кулатууну, зулумчулукту жана көз жашын токтотуу»,- деди. Эрдоган АКШнын жалган Ортоңку Чыгыш тынчтык планына каршылык көрсөтүп : «Урматтуу Трамп жана Нетаньяхунун ортосунда Кудс тууралуу ташталган кадам, кылымдын тынчтык планы деп аталган план басып алуунун долбоору»,- деди. Сөзүндө Кашмир маселесине да токтолуп Түркиянын Кашмир маселесин адилеттик, тынчтык, диалог жолу менен чечүүнү улантарын белгилеп : «Кашмир маселеси кагылышуу же кысым менен эмес бир гана адилеттиктин негизинде чечиле алат»,- деди.

Эрдоган Пакистандагы жолугушууларынын негизинде Түркия  - Пакистан иш форумуна да катышат. Андан кийин Пакистандын премьер  - министри Имран Хан менен жекеме  - жеке сүйлөшөт.

Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташуу кеңешинин жыйынында Түркия менен Пакистандын ортосундагы эки тараптуу карым  - катнаштар бардык тарабы менен кызматташуунун өнүктүрүлүшү үчүн таштала турган кадамдар да каралат. Президент Эрдоган менен Имран Хан биргелешкен пресс  - жыйын өткөрүү үчүн камералар алдына да чыгышат.



Тектеш кабарлар