Хулуси Акар кесиптештери менен жолугушуу өткөрдү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Британиянын коргоо министри Бен Уоллес жана Франциянын  коргоо министри Флоренция Парли менен өз - өзүнчө жолугушту.

Хулуси Акар кесиптештери менен жолугушуу өткөрдү
Florence Parly-Hulusi Akar.jpg
Hulusi Akar-Ben Wallace.jpg

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Британиянын коргоо министри Бен Уоллес жана Франциянын  коргоо министри Флоренция Парли менен өз - өзүнчө жолугушту.

НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынына катышуу үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселге барган Акар эки тараптуу жолуушууларды да өткөрдү. Оболу Британиянын коргоо министри Уоллес менен жолугушкан Акар андан кийин француз кесиптеши Парли менен жолугушту.

Жолугушууда аскердик, коопсуздук жана коргоо өнөр жайындагы кызматташуу темалары менен Ливия жана Сирия маселелери, аймактык абалдар каралып ушунун негизинде Идлибдеги акыркы абал, аймакта болгон адамзаттык трагедиянын токтотуу үчүн аткарылышы керек болгондор тууралуу пикирлерин билдиришти.

Түркиянын күтүүлөрүн белгилеген министр Акар Идлибдеги жарандардын күч колдонуудан улам үйлөрүн таштап режим аймагына эмес, Түркияга карай багыт алгандыгына көңүлдөрдү бурду.



Тектеш кабарлар