УКМ: «Дагы 3 террорист багынып берди»
Террористтердин багынып берүүсү уланып жатат.
1358689
Ирак жана Сириядан качкан террордук уюм ПККга мүчө 3 террорист коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.
Улуттук коргоо министрлигинин маалыматында, коопсуздук күчтөрүнүн чечкиндүү операцияларынын негизинде жикчил террордук уюм ПККга мүчө террористтердин багынып берүүсү уланып жаткандыгы белгиленди.
Маалыматта: «Ирактын түндүгүндөгү жана Сириядагы лагерлерден качкан террордук уюм ПККга мүчө дагы 3 террорист Шырнак жана Шанлыурфадагы коопсуздук күчтөрүнө багынып берди» деген сөздөргө орун берилди.