Тышкы иштер министринин Албаниядагы жолугушуулары

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кечээ Албаниянын борбор шаары Тиранада Түркия Маариф Фондуна караштуу Нью – Йорк Тирана университетинин Балкан изилдөөлөр борборунун ачылуу аземине катышты.

1358056

Чавушоглу аземде сөз сүйлөп,Балкан изилдөөлөр борборунун Түркия менен Албаниянын ортосундагы бир туугандык карым- катнаштардын башка бир символу экендигин белгиледи жана бул борбордун Балкан тарыхы, адабияты, маданияты менен саясаттарына байланыштуу терең изилдөө жүргүзөрүн айтты.

Балкандардын Түркия үчүн маанисине көңүлдөрдү бурган Чавушоглу Албания менен Түркиянын НАТОдо союздаш экендигин жана бул эки өлкөнүн ортосунда күч алган кызматташууга басым жасады.

Чавушоглу сөзүндө Албанияда 26 -ноябрда болгон жер титирөөдөн улам көңүл айтып, Түркиянын апаатта жардам берген биринчи өлкөлөрдөн болгондугун эске салды.

Министр Чавушоглу Албаниядагы жолугушууларынын негизинде бул жерде жашаган түрк жарандары жана ишкерлер менен да жолугушту.

Тектеш кабарлар