Р. Т. Эрдоган : " Аскерлерибизге зыян келтириле турган болсо режим күчтөрүн атабыз"

Президент Р. Т. Эрдоган Сирияда түрк аскерлерине зыян келтириле турган болсо Башар Асад режиминин күчтөрүн атышарын жарыялады.

1358111
Р. Т. Эрдоган : " Аскерлерибизге  зыян келтириле турган болсо режим күчтөрүн атабыз"

Президент Р. Т. Эрдоган Сирияда түрк аскерлерине зыян келтириле турган болсо Башар Асад режиминин күчтөрүн атышарын жарыялады.

Эрдоган лидери болгон Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Түркия Улуттук Парламентиндеги фракция жыйынында сөз сүйлөдү. Сөзүндө Идлибде жарандарга карата кол салууларга токтолгон Эрдоган : «Баары бул абалга артын салса да Түркия бул абалды жөн гана карап тура албайт»,- деди.

Эми эч кимдин фанатизмине, сатылгандыгына, провакациясына көз жумбай тургандыгын белгилеген Эрдоган : «Идлибде жарандык отурукташуу жерлерин аткан аба унаалары эми мурункудай эркин кыймыл кыла алышпайт»,- деди.

Эрдоган : «Аскерлерибизге зыян келе турган болсо режим күчтөрүн бардык жерде атарыбызды жарыялаймын. Мехметчиктердин каны төгүлгөн бир жерде, өзүн канчалык чоң көрсө көрсүн, эч кимдин коопсуз болбой тургандыгын да ачыкча айтамын»,- деди.

Айдын акырына чейин режимди Сочи меморандумунун тышына; түрк байкоо пункттарынан чыгарууда чечкиндүү экендерин баса белгилеген Эрдоган : «Бул үчүн кургактыкта жана абада эмне керек болсо тартынбастан, эч бир алаксытууга жол бербестен аткарабыз»,- деди.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар