Түрк куралдуу күчтөрү жооп кайтарды

Улуттук коргоо министрлиги Идлибде режим күчтөрүнүн 115 бутасынын атылгандыгын жана 101 режим аскеринин жок кылынгандыгын билдирди.

1357253
Түрк куралдуу күчтөрү жооп кайтарды

 Сириянын Идлиб аймагында болгон  режим кол салууларында 5 аскердин шейит болушунан кийин 115 режим бутасы атылып, 101 режим  аскери жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлиги Идлибде режим күчтөрү тарабынан жасалган кол салуу боюнча мыйзамдуу коргонуунун негизинде жооп кайтаруу боюнча чечим чыгарылгандыгын, 115 режим бутасынын атылгандыгы жана алгачкы белгилөөлөргө караганда 101 режим аскеринин жок кылынгандыгы билдирилди.

Маалыматта төмөнкүлөр билдирилди : «Шехит жана жаралуу аскерлерибиздин каны жерде калбады, калбайт да. Бул кол салууну ишке ашыргандардан эсеп суралат жана буга окшогон кол салууларга каршы ушул кезге чейин болгондой мыйзамдуу коргонуу укугубуз эң катуу түрдө колдонулат. Абалдар жакындан байкоого алынып керектүү чаралар көрүлүүдө».

Кечээ Идлибде болгон кол салууда да 5 аскер шейит болуп 5 аскер жараланган.

 



Тектеш кабарлар