Эрдоган Пакистанга сапар жасайт

Сапарда стратегиялык жана экономикалык кызматташтык сүйлөшүлөт.

1357512
Эрдоган Пакистанга сапар жасайт

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Пакистанга сапарына бир катар министр жана 70ке жакын ишкер катышат.

Түркиянын Исламабаддагы элчиси Ихсан Мустафа Юрдакул Эрдогандын 13-февралга пландалган эки күндүк Пакистан сапарынын алдында Анадолу агенттигине маалымат берди.

Юрдакул президент Эрдогандын Пакистан парламентинин жалпы отурумунда сенатор жана эл өкүлдөрүнө кайрыла турганын айтты.

Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык, соода жана инвестиция алакаларынын жол картасын белгилей турган Стратегиялык-экономикалык негиздердин документине кол коюла тургандыгын билдирди.

Сапарга 70ке жакын түрк ишкерлеринин да катышаарын айткан Юрдакул, түрк жана пакистандык ишкерлердин Иш кеңешинде жолуга тургандарын кабарлады.

Түркия менен Пакистандын ортосундагы коргонуу тармагындагы кызматташтыктын алдыңкы планда экенин баса белгилеген элчи, эки өлкөнүн бири-бирине коргонуу тармагында техникаларды экспорттогондорун айтты.



Тектеш кабарлар