Түрк тобу жекшемби күнү Антарктидага сапарын баштайт

Түркиялык делегацияны министр Варанк узатат.

1355283
Түрк тобу жекшемби күнү Антарктидага сапарын баштайт

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, жекшемби күнү жолго чыга турган 4-Улуттук Антарктида илимий сапары делегациясын "Стамбул" аэропортунда өтө турган азем менен узатат.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, Президенттиктин карамагында, Министрликтин жетекчилигинде жана Түркиянын илимий жана технологиялык изилдөөлөр мекемеси ТҮБИТАК МАМ уюлдарды изилдөө институтунун координациясында жүргүзүлө турган 4-Улуттук Антарктида илимий сапарынын делегациясы 9-февралда жолго чыгат.

Даярдыктарын аяктаган 24 кишилик делегация Стамбул аэропортунан министр Варанк жана үй-бүлөлөрү да катыша турган азем менен узатылат.



Тектеш кабарлар