Түркия Европа Парламентин катуу айыптады

Түркия, Европа Парламентинде (ЕП) жикчил террордук уюм ПКК, ЙПГ/ПЙДнын жалган башкаруучуларынын дагы катышуусу менен Күрт конференциясынын уюштурулуусун катуу айыптады.

1354343
Түркия Европа Парламентин катуу айыптады

Түркия, Европа Парламентинде (ЕП) жикчил террордук уюм ПКК, ЙПГ/ПЙДнын жалган башкаруучуларынын дагы катышуусу менен Күрт конференциясынын уюштурулуусун катуу айыптады.

Тышкы иштер министрлиги тарабынан жазуу түрүндө жасалган билдирүүдө, ЕПде кечээ болгон чатактуу иш-чарада Түркияга жана президент Режеп Таййип Эрдоганга карай орой коркутуулар болгону, ПККнын жикчил террордук уюмдун корбашчыларынын жана колдоочуларынын да катышуусу менен террор пропагандасы жасалганы белгиленди.

Европа Биримдигинин дагы террордук уюмдар тизмесинде орун алган ПКК жикчил террор уюмунун корбашчыларынын ЕПде бир иш-чарага катышууларына уруксат берилиши жана иш-чарада террор пропагандасынын жасалышынын террорго ачык эле колдоо көрсөтүү түшүнүгүн бергенин белгилеген билдирүүдө, «Террордук уюмдар менен айырма жасалбастан күрөш жүргүзүлүшү принцибин да жокко чыгарган бул расмий эмес иш-чарага наалат айтабыз»,делди.

Анда, бул иш-чарага уруксат берилишинин Террор менен күрөшүүгө байланыштуу 2017/541 номердүү ЕБнин Директивасын жана ЕП Төрагалык кеңсесинин 2017-жылдын 2-октябрында чыгарган токтомун бузганына токтолуп, ЕПнин өз принциптери менен карама-каршы келгени баса белгиленди.

Анда айрыкча, «ЕБнин уюмдарын жана ЕБне мүчө өлкөлөрдү террордук уюмдарга каршы чечкиндүү турууга жана террористтерге эми канат жайбоого чакырабыз»,делди.

ЕПнин «Европа Биримдиги, Түркия, Жакынкы Чыгыш жана Күрттөр» темасы менен Бельгиянын борбор шаары Брюсселде 16-ирет уюштурулган конференция, жикчил террордук уюм ПККнын пропагандасына айланган.

Конференцияга жикчил террордук уюмдун кызыл бюллетен менен изделген Европадагы корбашчылары да катышкан.



Тектеш кабарлар