Эрдоган: «Желегибизди айрыган грек эл өкүлү адеп-ахлаксыздык кылды»

Эрдоган өткөн аптада Европа Парламентинде түрк желегин айрыган грек эл өкүлү Иоаннис Лагос тууралуу сереп салды.

1353838
Эрдоган: «Желегибизди айрыган грек эл өкүлү адеп-ахлаксыздык кылды»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, түрк желегин айрыган грек эл өкүлүнүн бул кыймылын адеп-ахлаксыздык деп сыпаттады.

Президент жана "Адилеттик жана өнүгүү" партиясынын башкы жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы фракция жыйыналышында сөз сүйлөдү.

Эрдоган өткөн аптада Европа Парламентинде түрк желегин айрыган грек эл өкүлү Иоаннис Лагос тууралуу сереп салды.

«Парламенттеги грек эл өкүлү адепсиздик, ахлаксыздык кылды»,- деген Эрдоган: «Бул кыймылды Греция үчүн адепсиздик катары көргөн жокмун, анын жеке өзүнө таандык адеп-ахлаксыздык деп эсептейм. Биздин желегибиздин түсү шейитибиздин каны болуп саналат. Ал анын кансыздыгын көрсөткөн нерсе. Биз натыйжаны, ушул сыяктуу адепсиздер менен, ахлаксыздар менен издегендерден эмеспиз; бир өлкөнүн, бир улуттун, бир саясатчы катары желегин айрыганга аракет кылбайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар