Сирияда Түркиянын төрт аскери шейит болду

Режим күчтөрү тарабынан замбиректердин атылгандыгы билдирилди.

1351858
Сирияда Түркиянын төрт аскери шейит болду

Сириянын Идлиб аймагында режим күчтөрү тарабынан замбиректер атылып анын кесепетинен 4 аскер шейит болду, бирөө оор 9 аскер жаракат алды.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Идлибдеги кагылышууларга бөгөт болуу максатында аймакка жөнөтүлгөн аскерлерге, бара турчу жерлери мурдатан макулдашылганына карабастан режим күчтөрү тарабынан замбиректердин атылгандыгы белгиленди.

Билдирүүдө: «Замбиректердин огунан 4 баатыр аскерибиз шейит болуп, бирөө оор 9 аскерибиз жаракат алды»,-делди.

Министрликтин экинчи билдирүүсүндө болсо, буталарга ок атылып керектүү жооптун кайтарылгандыгы кабарланды.



Тектеш кабарлар