Кытайдан Түркияга эвакуацияланган кишилерде коронавирустун белгилери байкалбаган жок

Саламаттык сактоо министри маалымат жыйын өткөрдү.

1352409
Кытайдан Түркияга эвакуацияланган кишилерде коронавирустун белгилери байкалбаган жок

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, ишемби күнү Кытайдан алып келинген 61 кишинин ооруканадагы алгачкы анализдери таза чыкканын билдирди.

Министр Кожа борбор шаар Анкарада өткөргөн маалымат жыйынында коронавирус эпидемиясына байланыштуу акыркы жагдай боюнча маалымат берди.

Фахреттин Кожа, Кытайдан келген 32си түрктөн турган 42 киши жана кызматкерлер менен бирге жалпы 61 кишиде коронавирустун белгилери байкалбаганын айтты. Бул кишилердин дагы 14 күн байкоого алына тургандарын кошумчалады.

 



Тектеш кабарлар