Тышкы иштер министри Болгарияда түрк ишкерлер менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу : «Эки тараптуу көлөмөбүздү 10 миллиард еврого чыгарууну каалайбыз»,- деди.

1350690
Тышкы иштер министри Болгарияда түрк ишкерлер менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия менен Болгариянын ортосундагы кызматташуунун өнүгүшү үчүн иш дүйнөсүнүн ачкыч мааниге ээ экендигин белгилеп : «Эки тараптуу көлөмөбүздү 10 миллиард еврого чыгарууну каалайбыз»,- деди.

Министр Чавушоглу Болгарияга жасаган эки күндүк расмий сапарынын негизинде өлкөдө жашаган түрк ишкерлер менен жолугушту.

Жолугушуу тууралуу твиттерден маалымат берген Чавушоглу : «Болгариядагы  ишкерлерибиз менен жолугуштук. Иш дүйнөсү эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун өнүгүшү үчүн ачкыч мааниге ээ. Экономикалык жана соода карым  - катнаштарыбызды дагы да өнүктүрүүдө чечкиндүүбүз. Эки тараптуу соода көлөмүбүздү 10 миллиард еврого чыгарууну каалайбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар