ЙПГ/ПКК Афринге кол салды

ЙПГ/ПКК «Зайтун бутагы» кыймылы менен куткарылган Африн районунун борборуна кол салып,  4 жаран жараланды.

1350211
ЙПГ/ПКК Афринге кол салды

Сирияда Тель Рыфат районунда басып алууну улантып жаткан террордук уюм ЙПГ/ПКК «Зайтун бутагы» операциясында  куткарылган Африн районунун борборуна кол салып,  4 жаран жараланды.

ЙПГ/ПКК террористтери Түркия менен Орусиянын ортосунда 2019 -  жыл 22 -  октябрда түзүлгөн макулдашуу боюнча  бошотуусу керек болгон Тель Рыфат районунан Африн райондук борборун ракеталар менен аткылады. Кол салууда 4 жаран жараланды.

«Зайтун бутагы» операциясы менен Афринден чыгарылган ЙПГ/ПКК райондун түштүк  - чыгышындагы Тель Рыфат аймагында басып алууну улантууда.

Террордук уюм Африн жана Азезде Сирия Улуттук армиясынын көзөмөлүндөгү жарандык отурукташуу жерлерин бат  - бат аткылоодо.

Террористтер акыркы жолу Килистин маңдайындагы Сирия территорияларындагы Азез райондук борборун 6 катюша ракетасы менен аткылаган жана 10 жаран жараланган.



Тектеш кабарлар