«Өз элин бомбалаган согуш барондорунун Ливиянын келечегинде орду болбойт»

Мевлүт Чавушоглу Ливиянын чыгышындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтердин тынчтыкты эмес, согушту жаткагандыгын айтты.

1349205
«Өз элин бомбалаган согуш барондорунун Ливиянын келечегинде орду болбойт»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Ливиянын чыгышындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтердин тынчтыкты эмес, согушту жаткагандыгын белгилеп : «Өз элин бомбалаган согуш барондорунун Ливиянын келечегинде орду болбойт»,- деди.

Чавушоглу твиттерден берген маалыматында Хафтердин  бала дебестен, жаран дебестен кол салууну улантканына көңүлдөрдү буруп : «Бул акыркы кол салуу анын тынчтыкты эмес согушту жактагандыгынын жаңы бир далили. Өз элин бомбалаган согуш барондорунун Ливиянын келечегинде орду болбойт»,- деди.



Тектеш кабарлар