Түркияга көңүл айтуулар улантылууда

Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас жер титирөөдөн улам Президент Р. Т. Эрдоганга көңүл айтуу билдирүүсүн жиберди.

1348015
Түркияга көңүл айтуулар улантылууда
abbas-erdogan.jpg

Элазыгда болгон жана 39 киши каза болгон жер титирөөдөн улам бир топ өлкөдөн Түркияга көңүл айтуу жана жардам кабарлары келүүдө.

Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас жер титирөөдөн улам Президент Р. Т. Эрдоганга көңүл айтуу билдирүүсүн жиберди.  Аббас билдирүүсүндө Эрдоганга, түрк калкына жана жер титирөөдө каза болгондордун үй  -  бүлөлөрүнө көңүл айтты.

Каза болгондор үчүн көңүл айткан Аббас жаралууларга жана жер титирөөдө үйлөрү зыян тарткандарга көңүл айтты.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер  - министри Эрсин Татар да Президент Эрдоган, вице  - президент Фуат Октай жана ички иштер министри Сүлейман Сойлуга телефон чалып көңүл айтты. Телефон аркылуу сүйлөшүүдө Кипр түркүнүн Түркиядагы бир туугандарынын кайгысын бөлүшкөндүгүн белгилеген Татар каза болгондор үчүн көңүл айтып жаралуулардын бат айыгып кетишин каалады.

Татар Кипр түркүнүн ар дайым жанында болгондой эле Түркиядагы бир туугандарынын жанында жана бардык жардамды берүүгө даяр экендигин да белгиледи.

Тайвандын Анкара экономикалык жана маданият миссиясынын  өкүлү Ясер Ченг да жер титирөөдөн кийин Тайвань жарандарынын Түркияга көңүл айткандыгын жана жардам сунуш кылгандыгын билдирди.

Ченг : «Түркияга чукул куткаруу тобун жиберүүгө даярбыз. Бир туугандарыбызга карата эмне кыла аларыбызды сөзсүз билдириңиздер»,- деди.



Тектеш кабарлар