Түркия менен Алжирдин ортосунда Стратегиялык кызматаштык боюнча Жогорку кеңеши түзүлөт

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Алжирдин президенти биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

1347679
Түркия менен Алжирдин ортосунда Стратегиялык кызматаштык боюнча Жогорку кеңеши түзүлөт
erdoğan tebbun.jpg
erdoğan tebbun.jpg
erdoğan cezayir  1.jpg

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Алжирдин президенти Абдулмежид Теббун менен жолукту.

Алжирдин Президенттик сарайындагы жолугушуу жабык эшик артында өттү.

Бетме-бет жолугушуудан кийин делегациялар аралык жолугушууга өтүлдү.

Жолугушуунун басма сөзгө ачык бөлүмүндө сөз сүйлөгөн президент Эрдоган, Теббун менен жемиштүү жолугушуу өткөргөндөрүн белгилеп өттү.

Экономика,соода,инвестиция, коргонуу өнөр жайы жана туризм тармактарында биргелешип таштала турган кадамдарга жана кызматташтыктарга баа берген Эрдоган, жолугушууда басымдуу түрдө Ливиядагы абалдар каралганын айтты.

Эрдоган: «Түркиянын Ливияда тынчтык жана ырааттуулукту камсыздоодон башка максаты жок. Ливияда тууган канынын төгүлүшүн жана мыйзамдуу өкмөттүн тышкы кийлигишүүлөр менен зыянга учуратылышын көрмөксөнгө салуубуз мүмкүн эмес. Ок атпоонун камсыздалышы жана Бириккен Улуттар Уюмунун жол башчылыгында ливиялыктар тарабынан жактырылган саясий процесске толук колдоо көрсөтөбүз»,-деди.

Биргелешкен басма сөз жыйынынын алдында Эрдоган жана Теббун эки өлкөнүн ортосундагы Стратегиялык кызматаштык боюнча Жогорку кеңешинин түзүлүүсү темасында да келишимге кол койду.

Бир тараптан Эрдоган, Алжирдин президенти Теббун менен болгон биргелешкен маалымат жыйынында Ливияда аккан кандын токтотулушу үчүн Түркия катары күрөш жүргүзүүсүн уланта турганын белгиледи.

Режеп Таййип Эрдоган, жыйналышта сүйлөгөн сөзүндө кол салуучу тарапты сыйлыктандырган макулдашуу жана тынчтыкты жактагандарды жазаландырган мамиленин Ливиянын апааты боло турганын айтты.

«Ливиянын террордук уюмдардын жана саясий барондордун оюн талаасына айланышына уруксат берилбеши керек»,-деп айткан Эрдоган: «Түркия катары колубуздагы бардык мүмкүнчүлүктөр менен ливиялык туугандарыбызды колдообузду улантабыз»,-деп айтты.

Президент Эрдоган, Алжирдин президенти Абдүлмежид Теббун менен Ливия темасында биргелеше таштала турган кадамдар жана кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүнө токтолгондорун баса белгиледи.

Алжирдин президенти Теббун да жыйналышта сүйлөгөн сөзүндө: «Президент Эрдоган менен соода көлөмүбүздү 5 миллиард доллардын үстүнө чыгаруу максаты боюнча макулдаштык»,-деди.

 



Тектеш кабарлар