Президент Р. Т. Эрдоган Гамбияга кетти

Президент Р. Т. Эрдоган Алжирдеги жолугушууларын аяктап атайын учак «ТУР» менен Түркия убактысы боюнча саат 12:35те Гамбияга кетти.

1348104
Президент Р. Т. Эрдоган Гамбияга кетти

Президент Р. Т. Эрдоган Алжирдеги жолугушууларын аяктап атайын учак «ТУР» менен Түркия убактысы боюнча саат 12:35те Гамбияга кетти.

Эрдоган Алжир Хуари Бумедйен аэропортунан Алжирдин президенти Абдулмежид Теббун, Алжир маданият министри Мелике Бендуде, протокол директору Белкажем Лариби жана Түркиянын Алжирдеги элчиси Махинур Өздемир Гөкташ жана башка тийиштүү кишилер тарабынан узатылды.

Президент Эрдоган менен жубайы Эмине Эрдоган, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, улуттук коргоо министри Хулуси Акар,өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, соода министри Рухсар Пекжан, Улуттук чалгындоо уюмунун төрагасы Хакан Фидан, коммуникация боюнча төрага Фахреттин Алтун жана президенттиктин катчысы Ибрахим Калын да Гамбияга кетишти.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар