Эрдоган Африкага учаар алдында маалымат берди

Президент Режеп Таййип Эрдоганды Африкага калың топ делегация коштоп баратат.

1347544
Эрдоган Африкага учаар алдында маалымат берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган Алжирге учуп кетээр алдында Анкарадагы "Эсенбога" аэропортунда маалымат жыйын өткөрдү.

Эрдоган Африкадагы кесиптештерининин чакыруусу боюнча 26-28-январь күндөрүнүн аралыгында катары менен Алжир,Гамбия жана Сенегалга сапар жасай турганын билдирип, өзү менен кошо министрлер, эл өкүлдөрү жана жеке менчик фирмалардын төрагалары бара турганын маалымдады.

Африка турунун биринчи аялдамасы болгон Алжирдин татаал бир жылынды артка калтырганын айткан Эрдоган, президент Абдулмежит Теббундун кызматка келишинен кийин Алжирге мамлекет башчы катары алгачкы сапар жасай турган болушу, сапарга өзгөчө маани кошконун айтты.

 



Тектеш кабарлар